Кызматка төмөнкү каналдардын бирин колдонуу менен кошулса болот:
alibi.megacom.kg веб-сайты
1 . alibi.megacom.kg сайтына катталуу:
”Сыр сөз алуу” баскычы аркылуу өтүп, өзүңүздүн телефонуңузду киргизиңиз. Бир нече убакыттан соң, Сиздин номериңизге, Өздүк бөлмөңүзгө кирүү коду жазылган  SMS-билдирүү келет.
2.Сайттын башкы бетиндеги “Өздүк бөлмөгө кирүү” деген боштукка уюлдук телефонуңуздун номерин жана SMS-билдирүү аркылуу келген сыр сөздү терип, андан соң “Кирүүнү” басыңыз.
3. Өздүк бөлмөңүз ачылган соң, Сизге кызматка жазылууну жүргүзүү сунушталат, андан соң, Сиз фонго коюулуучу обондорду, добуштарды, үн коштоолорду угуп, кошуп, тизмесин көрүп же өчүрө аласыз жана аларга байланган баскычтарды алмаштыра аласыз.
4.Фонго коюулуучу обондорду, добуштарды, үн коштоолорду угуу жана кошуу үчүн, керектүү категорияны тандап, издөө үчүн керектүү критерийлерди киргизиңиз же аларды жалпы тизмеден тандаңыз.
5.Угуу үчүн бул белгини басыңыз.
6. Өздүк бөлмөңүзгө кошуу үчүн “корзина” белгисин басыңыз. Пайда болгон терезечеде улантуу үчүн “ОК” же токтотуу үчүн “Баш тартуу” баскычтарын тандаңыз.
7.Өздүк бөлмөдө баскычты дайындоо үчүн, туура келген фон обонунун, добуштун, үн коштоонун маңдайына бул белгини басыңыз да, сайттын сол тарабынан баскычты дайындаңыз.

Кызматтын добуштук порталы
1.Уюлдук телефонуңуздан 7375 номерди териңиз
2.Кызматка катталуу, фонго коюулуучу обондорду, добуштарды, үн коштоолорду угуу, кошуу, тизмесин көрүү, же өчүрүү жана аларга байланган баскычтарды алмаштыруу үчүн добуштук көрсөтмөнү аткарыңыз.
3.7375 добуштук порталына кийинки чалууларда, абонент уюлдук телефонунун номери аркылуу таанылып, дароо эле  Өздүк бөлмөсүнө өтө алат.